• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Стамбулдагы башкы консул "Гүмүшханели" изилдөө борборунун президенти менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова "Гүмүшханели" изилдөө жана билим берүүнү колдоо фондунун президенти Мехмет Сыдык Акшит менен жолугушту. Бул тууралуу Стамбулдагы Башкы консулдуктун маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, жолугушууга Түрк мамлекеттери уюмунун Башкы катчысынын орун басары Султан Раев, "Гүмүшханели" изилдөө жана билимди колдоо фондунун директору С. Кылыч, "Sur Yapı" курулуш компаниясынын директору Х. Йылмас жана жеке ишкер С. Япар катышты.

Жолугушууда тараптар Кыргызстанда илимий жана билим берүү борборлорун түзүү аркылуу социалдык-экономикалык жана руханий аспектилерди жакшыртуунун алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. "Гүмүшханели" изилдөө жана билим берүүнү колдоо фондунун президенти Мехмет Сыдык Акшит фонддун артыкчылыктуу багыты, өлкөнүн аймактарында долбоорлорду ишке ашыруу экенин белгиледи.

Өз кезегинде консул Лира Сыдыкова биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүнүн стратегиялык маанисин белгилеп, Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ачуу жана колдоо шарттары боюнча толук маалымат берди. Тактап айтканда, айыл чарба, энергетика, транспорт жана жол коммуникациялары тармагындагы артыкчылыктуу долбоорлорго басым жасады. КРнын Башкы консулдугу тарабынан ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз ара жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий