• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө боюнча 9 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 19.09.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 9 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, Баткен облусунда 4, Жалал-Абад облусунда бир, Ош облусунда 4 медик ооруп калды.

"Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 15 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3 197 учур катталды, алардын ичинен 2 779 медкызматкер айыгып чыкты", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 19-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 91 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 45 миң 335ти түзөт. Алардын ичинен 41 миң 484 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий