• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузак районунун эли бийлик өкүлдөрү менен жолугушууда бир катар көйгөйлөрдү айтышты

Коом 0

Бишкек, 15.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-июлда министрлер кабинетине төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак районунун жашоочулары менен жолугушту.

Президентин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиргендей, иш-чарага райондун 400гө жакын тургундар катышып, 100гө жакын ар түрдүү көйгөйлөрү менен кайрылышты.

Мында сузактыктар чечилбей келген укук коргоо, прокуратура кызматкерлеринин ишине болгон нааразычылыктарын айтышты. Мындан сырткары, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупциялык көрүнүштөр, эскилиги жеткен мектеп, бала бакча имараттарын жаңылоо, окуу куралдарынын тартыштыгы айтылды. Ага катар сугат жана таза суу, жер семирткичтерге болгон баанын өсүшү, көчкү коркунучу бар аймактарда жашаган жарандардын докумен алуудагы кыйынчылыктары, четки айылдарга чек ара статусун берүү талаптарын көтөрүштү.

Жыйын алкагында белгиленген ар бир маселе боюнча көзөмөл органдары жана тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлери тарабынан арыз каттар алынып, жеринде сүйлөшүүлөр жүрдү. Башкы прокурор Курманкул Зулушуев 330 миңдей калкы бар Сузак районунда 14 проакуратруга кызматкери иш алып бараарын, бул жумуштарды өз убагында кароолдо жетишсиз экенин билдирди. Башкы прокурор жолугушуу алкагында айтылган ар бир маселе мыйзам чегинде каралып, жоопсуз калбасын кошумчалады.

Министрлер кабинетине төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Сузак районундагы көпчүлүк көйгөйлөрдөн кабардар экенин, бул багытта жергиликтүү бийлик жетекчилери да активдүү иш алып баруусу керектигин эскертти. Ошол эле учурда раойндогу бир катар маселелерди чечүү аракети жүрүп жатканын, таза суу, социалдык объектилерди куруу боюнча республикалык бюджеттен, эл аралык донорлордон атайын акча каражаттары каралганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий