• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кыргыз аскерлери Алматынын ЖЭБ-2 маанилүү стратегиялык объектисин кайтарууда

Коом 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Казакстанга жөнөтүлгөн КР Куралдуу күчтөрүнүн тынчтыкты орнотуучу аскердик контингенти тынчтыкты сактоо миссиясын аткарууда. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, кыргыз аскер кызматчылары Алматы шаарынын ЖЭБ-2 маанилүү стратегиялык объектисин кайтарышууда.

Кыргызстандын тынчтыкты орнотуучулары КР Жогорку Кеңешинин чечиминин, КР президентинин Жарлыгынын негизинде жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 1992-жылынын 15-майындагы 4-беренесине ылайык тынчтыкты орнотуу ишин жүргүзүүдө.

ЖККУга мүчө мамлекеттердин тынчтык орнотуу күчтөрүнүн азыркы учурдагы негизги милдети – Казакстандын өзгөчө маанилүү жана стратегиялык объектилерин коргоо жана кайтаруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий