• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаарында коменданттык саатты бузган 119 адам, анын ичинде 15 аял киши кармалды

Коом 0

Бишкек, 29.03.20. /Кабар/. Бишкек шаарында коменданттык саатты бузган 119 киши кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

Анын айтымында кармалгандардын ичинен 104ү эркек, 14ү аял кишилер болгон.

"Ошондой эле алардын арасында 5 чет элдик жаран бар", - деди ал.

Аны менен бирге ал коменданттык саат учурунда шаарда 1 миңден ашык ички иштер органдарынын кызматкерлери жана КР Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери кызмат алып барып жатканын айтып өттү.

Эскерте кетсек, 27-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 адам аныкталган. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 58ге жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий