• 88.68
  • 95
  • 0.95

Министрлер кабинетинин тогуз кызматкеринен коронавирус табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Экспресс-тесттин жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин тогуз кызматкеринен коронавирус табылды.

“Кабар” агенттигине президенттин администрациясындагы өздүк булактар билдиргендей, өлкө аймагында коронавируска кабылган учурлардын кескин өсүшүнө байланыштуу 10-январдан тарта мамлекеттик органдардын борбордук аппаратынын кызматкерлеринен экспресс-тест алына баштаган.

10-январга карата президенттин администрациясы, иш башкармалыгы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Мамлекеттик күзөт кызматынын жалпы 602 кызматкери тест тапшырган.

Экспресс-тесттин жыйынтыгында 9 кызматкерден коронавирус табылып, анализдери ПЧР-тестке жөнөтүлгөн. Ал кызматкерлер учурда үйүндө ПЧР-тесттин жыйынтыгын күтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий