• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сузакта Өзбекстандын жарандарын мыйзамсыз иштеткен шектүү кармалды

Аймак 0

Бишкек, 19.02.22. /Кабар/. Сузак районунда Өзбекстандын жарандарын чакырып, уруксат кагаздары жок иштеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милицияга маалыматты жергеликтүү тургун жеткирген. Аталган маалымат маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Сузак районунда 26 жаштагы Д.И. аттуу тургуну өзүнө таандык болгон эки навайканада Өзбекстандын 44 жаштагы Р.М. жана 42 жаштагы А.Б. аттуу жарандарын эч кандай уруксат кагазы жок иштөөсүнө жана жашоосуна шарт түзүп берип, мыйзамсыз миграция уюштуруп жаткандыгы аныкталган.

“Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Д.И. телефон аркылуу Өзбекстандын жарандары менен сүйлөшүп, аларды чакырган. Аларга күнүнө 600 сомдон төлөп, оозеки келишим түзүп, иштетип жүргөндүгү жана салык кызматынан иштөөгө уруксат патентин алган эместиги такталган”, - деп айтылат маалыматта.

Натыйжада иш берүүчүгө карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 93-беренесине (“Чет өлкөлүк жумушчу күчтү Кыргызстанга тартуу жана пайдалануу эрежелин бузуу”) ылайык 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Ал эми Өзбекстандын жарандарына Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 94-беренесинин (“Чек ара эмгек мигранты тарабынан Кыргызстанда эмгек ишин жүзөгө ашыруунун эрежелеринин бузулушу”) негизинде ар бирине 10 миң сомдон айып пул салынган.

Пикир

Оставить комментарий