• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаары Кытайдын Ланьчжоу шаары менен достук келишимге кол койду

Аймак 0

Бишкек, 11.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 11-сентябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ланьчжоу шаарынын мэринин орун басары Ву Сяньфан баштаган делегация менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу туурасында сүйлөшүштү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мэр Таалайбек Сарыбашов билим берүү, саламаттык сактоо, туризм багыттарын колго алып, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жаатта да мындан ары тыгыз кызматташып, түрдүү багытта тажырыйба алмашуу максатында адистерди жөнөтүү туурасында да айтып өттү.

Ланьчжоу шаарынын мэринин орун басары Ву Сяньфан мырза Ош шаары менен ар тараптуу кызматташууга кызыктар экендигин билдирди. Жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Ош шаары жана Кытайдын Ланьчжоу шаарынын ортосунда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык багытта кызматташуу боюнча достук келишимге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий