• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сыргабаев №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын курулушун тездетүүнү тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 07.09.23. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратындагы курулуш иштери менен таанышты.

Облус башчысы аталган жайда жумуш ыргагы жай жүрүп жатканын сынга алып, аткаруучу компания жана Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысына тийиштүү тапшырмаларды берди. Өкүл шаардын 20 миңден ашуун калкын медициналык жактан тейлеген мекеменин негизги жумуштарын жакынкы аралыкта бүткөрүү керектигин айтты. Жумушту ылдамдатуу алкагында жаралган тоскоолдуктар боюнча кайрылууларын айтып, көмөк көрсөтөөрүн билдирди.

Добоор боюнча үч кабаттан турган Жалал-Абад шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын курулушу 2022-жылдын соңунда башталган. Азыркы учурда пайдубалы куюлуп, биринчи кабаты көтөрүлүп жатат. Курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 155 млн 936 миң сомго бааланган. Аны "Дамак Строй" курулуш компаниясы аткарууда.

Пикир

Оставить комментарий