• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто айрым көчөлөр бир айга жабылат. Себеби

Аймак 0

Бишкек, 07.09.23. /Кабар/. Ош шаарынын айрым көчөлөрү 9-сентябрдан 9-октябрга чейин жабылат. Анткени Ош Жылуулук электр борбору кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү максатында оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, А.Навои менен Ленин көчөлөрүнүн (Филармония) кесилишинен Курманжан-Датка көчөсүнө чейинки бөлүк, андан ары Бөрүбаев көчөсүнө чейинки бөлүк (ОшМУ башкы корпус) унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

Ошол эле учурда Ленин жана Мамажан көчөлөрүнүн кесилишинен Бөрүбаев көчөсүнө чейинки бөлүктө кыймыл убактылуу эки тараптуу болот.

Ош шаардык мэриясы унаа ээлерин жасалып жаткан жумуштарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана кыймыл үчүн алдын ала унаа каттамдарын башка багыт боюнча тандап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий