• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түгөлбай Казаков кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 28.10.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Т.Т.Казаков жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жарлыкта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

Казаков Түгөлбай Токтогуловичтин отставкасы кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматынан бошотулсун.

Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий