• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Түптө соцкамсыздоо башкармалыгынын эсепчиси 1,1 млн сом уурдоого шектелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Түп райондук социалдык камсыздоо башкармалыгынын эсепчиси 1 млн 100 миң сом уурдаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, калкты социалдык жактан коргоо мамлекеттик органдарындагы системалуу коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын алкагында УКМК тарабынан Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн финансылык отчеттуулук жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн башкы адиси С.Н.Д. тарабынан 1 млн 113 миң 765 сом суммасында бөлүнгөн каражатты мыйзамсыз ыйгарып алуу жана ысырап кылуу фактысы аныкталды.

2024-жылдын 31-январында мамлекеттик бюджеттин акча каражаттарын мыйзамсыз пайдаланган деп айыпталган С.Н.Д. кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий