• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оштогу сейил бактардын бириндеги жайкы театрды оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Сүрөттөр

Аймак 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында орун алган жайкы театрды оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Оштун мэри бүгүн оңдоо иштеринин жүрүшүнөн кабар алып, бардык жумуштар сапаттуу жасалып, мөөнөтүндө бүткөрүлүшү керектигин билдирди.

Белгилей кетсек, долбоор боюнча театрдын имаратын толугу менен оңдоп-түзөө жана куруу боюнча иштерди бүткөрүү үстүбүздөгү жылдын апрелине белгиленген.

Аталган курулуш Ош шаарынын мэриясы жана АРИС уюму менен биргеликте шаар аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында макулдашылган “Аймактарды экономикалык өнүктүрүү” беш долбоордун алкагында ишке ашууда.

Пикир

Оставить комментарий