• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрага Жумабеков Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Бүгүн, 12-декабрда КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде болуп, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун Төрайымы Гүлбара Калиева, Чыңгыз Айтматовдун туугандары жана окурмандары катышты.

Андан тышкары, 1916-жылы "Үркүндө" каза болгондордун, 1930-жылдардагы репрессия менен 2010-жылдагы Элдик революциянын курмандыктарына арналган мемориалга гүлчамбарлар коюлуп, маркумдардын арбагына багышталып куран окулду.

Пикир

Оставить комментарий