• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага Жумабеков Россия Федералдык кеңешинин спикери Матвиенко менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек. 18.04.19 /Кабар/. Санкт-Петербург шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги отурумдарынын алкагында төрага Дастанбек Жумабеков Россиянын Федерация Кеӊешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту.

Алгач Матвиенкону маарекеси менен куттуктаган төрага, ага чын ден-соолук, узак өмүр каалады.

"Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоого жана пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түзгөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги отурумдарынын алкагында кайрадан кездешип отурганыбызга кубанычтамын", – деди Жумабеков.

Ошондой эле төрага Кыргызстан эки тараптуу мамилелерди арттырууга өзгөчө басым жасарын белгилеп, кызматташтыкты стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында өнүктүрүү керектигин кошумчалады.

Өз кезегинде Матвиенко Жумабековго Эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча конференцияга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Жогорку Кенештин делегациясынын сунуштары эске алынарына токтолду.

Муну менен катар Матвиенко Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттер аралык аянтчада дайымы жигердүүлүгүн көрсөтүшөрүн айтып, КМШ ПААнын жыйындарына үзгүлтүксүз катышып турарын мисал кылды.

"Кыргыз-орус кызматташтыгы ырааттуу уланууда. Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары ийгиликтүү болду деп баалап жатабыз. Көптөгөн олуттуу документтерге кол коюлду. Мамлекет башчыларынын ортосунда жакшы саясий мамиле түзүлдү. Бул ишкерчиликтин жана кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө болот. Биз Кыргызстандан туристтердин келишине, ошондой эле студенттердин санынын өсүшүнө кызыкдарбыз", – деди Матвиенко.

Кыргызстан да эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн өсүшүнө кызыкдар экенин айткан төрага Жумабеков: "Биз бизнес-форумдарды тез-тез өткөрүү менен ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышы үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз" – деди.

Андан сырткары, жолугушууда тараптар эмгек мигранттараны байланышкан мунапысты талкууга алышты. Матвиенко аткаруу бийлигинин тиешелүү органдарынын мунапыска байланыштуу эмне иштерди аткарып жатканын көзөмөлгө алуу зарылчылыгын белгиледи.

Мунапыстын маңызын ар бир эмгек мигрантына түшүнүктүү болгондой иш алып баруу керектигин, ошондой эле патентин алып, салыгын төлөө эмгек мигранттарынын эч нерседен коркпой иш алып баруусунун мыйзамдуу жолу экенин белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, КМШ ПААнын отурумдарына Жогорку Кеңештин депутаттары Руслан Казакбаев, Садык Шер-Нияз, Алмазбек Баатырбеков, Мурадыл Мадеминов, Искендер Матраимов, Нурбек Алимбеков жана Максат Сабиров, андан тышкары, Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов катышууда.

Пикир

Оставить комментарий