• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстанда интернет кымбаттап, 1 гигабайт 460 сом турат. КР 100 сомго – 8-10 гигабайт алса болот

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 18.04.19 /Кабар/. Тажикстанда 18-апрелден тарта мобилдик байланыш жана интернет жаңы тариф менен иштей баштады. Баа 63 сомониге (6,7 доллар, же 466 кыргыз сому) жетти. Мурда бир гигабайт Интернеттин наркы 30-35 сомони эле.

Башкача айтканда, Тажикстанда 1 гигабайт Интернет 466 сом болсо, Кыргызстанда 100 сомго орточо эсеп менен – 8-10 гигабайт (оператордун тарифине жараша) алса болот.

17-апрелде мүмкүнчүлүгү барлар тажик жарандары интернеттин жылдык пакетин эски баа менен сатып алышты. Байланыш кызматына болгон ажиотажды коммерциялык банктар пайдаланып калышты.

Алар Душанбе жана Хожент шаарларындагы кардарларына интернеттин жылдык пакетин бөлүп төлөө менен эски баада сунушташты.

"Алиф Сармоя" банкы түшкө чейин интернеттин жылдык пакетин сатып алуу үчүн 4 миң арыз түшкөнүн кабарлады.

Банктын башчысы кардар алдын ала акы жана комиссия төлөбөй турганын билдирди. Алар замандаштарына жардам берүүнү чечишкенин, банк бул акциядан пайда таппай турганын кошумчалады.

Тажикстанда жаштар жана жарандык коомчулук жогорулатылган тарифтерди жокко чыгаруу боюнча күрөштү улантууну чечишкен. Нааразычылык күчөсө, бааны көтөрүү боюнча токтом күчүн жоготушу мүмкүн экени айтылууда.

Мурда тажик байланыш кызматынын башчысынын орун басары Илхом Атоев "интернеттин баасы кымбаттаса, элдер азыраак ойноп, көздүн көрүүсүн сактап, китепти көбүрөөк окуп калышат", – деп айткан эле.

Пикир

Оставить комментарий