• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түрк ишкерлери Ошто жаңы заводдорду курууну пландоодо

Аймак 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. Түрк ишкерлери Ош облусунда жаңы заводдорду курууну пландоодо. Бул маселе өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев менен Түркиянын ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Мустафа Курт жетектеген делегациянын жолугушуусунда талкууланды.

Жолугушуу учурунда Ош облусунда бир нече заводдорду куруу маселеси каралды. Тараптар химиялык эмес (биогумустук) жер семирткичтерди, малды семиртүүгө багытталган азыктарды чыгаруу жана күн энергиясын пайдалануучу каражаттарды чыгаруучу заводдорду куруу пландарын талкуулашты.

Андан тышкары Жылкыбаев Кытайдын жаңыдан дайындалган башкы консулу – Суй Шаочундун мырзаны кабыл алды.

Жолугушууда облус жетекчиси башкы консулдун ишине ийгилик каалап, эки мамлекеттин ортосунда экономикалык, саясий алакаларды жакшыртуу үчүн салым кошуп иштээрине ишеним артты.

Жолугушууда жарандардын коопсуздугу жана мыйзамдуулук маселерине да токтолду.

Пикир

Оставить комментарий