• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Инвестиция тартуу агенттиги 2018-жылы 28,2 млн долларлык долбоорду ишке ашырган

Экономика 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. Инвестицияны тартуу жана коргоо агенттиги (ИТКА) 2018-жылы 28,2 млн. долларлык долбоорлорду ишке ашырган. Бул тууралуу "Кабардагы" маалымат жыйында аталган агенттиктин директору Адилбек уулу Шумкарбек билдирди.

Ал белгилегендей, 2014-жылдан берки иштердин жемишин татып жатабыз.

"Белгилүү болгондой, инвестициялык долбоорлор 2 же 6 ай аралыгында ишке ашырылбайт. 2018-жылдын жыйынтыгы менен агенттик тарабынан 28,2 млн. долларлык долбоорлор ишке ашырылган. Кыркка жакын жумушчу орун түзүлгөн. Салык кызматынын маалыматы боюнча өткөн жылы 3 млн. сом салык чогултулган. Ал жандуу долбоорлор", - деди ал.

Адилбек уулу Шумкарбек 2016-2017-жылдары башталган долбоорлор бар экенин жана алар 2019-2020-жылдары гана ишке кирерин кошумчалады. Учурда ал этаптар боюнча курулуштар жүрүп жатат, - деди агенттиктин директору.

Инвестициянын көбү Кытай, Өзбекстан, Түркия жана Индиядан келип жатканын белгиледи.

Аталган агенттиктин инвестицияны тартуу жана коштоо бөлүмүнүн башчысы Нурадил Баясов кошумчалагандай, жалпысынан алар 60 долбоор боюнча иш алып барган жана алардын ичинен тогузу 28,2 млн. долларга ишке ашырылган.

"Азыркы тапта 21 долбоор боюнча иштер жүрүп жатат. Алардын жалпы суммасы 2 млн. долларды түзөт. Жакынкы аралыкта 83,5 млн. доллар турган 7 долбоорду ишке ашыралы деп турабыз", - деп билдирди Нурадил Баясов.

Пикир

Оставить комментарий