• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда электрондук эсеп-фактурасын колдонгондордун саны 94,3 миңди түздү

Экономика 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Акыркы жылы электрондук эсеп-фактураларды колдонгон ишкерлердин саны 65 миңге көбөйүп, учурда 94,3 миң субъектти түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы ишкерлер жалпы суммасы 1,7 трлн сомго 19,6 млн электрондук эсеп-фактура жазып беришкен.

Жалпысынан ЭЭФ киргизилген учурдан – 2020-жылдын 1-июлунан тартып 5,1 трлн сомго 40,7 млн документ жазылып берилген.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураны КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар, 2022-жылдын 1-апрелинен тартып жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр жана 2023-жылдын 1-майынан тартып жеке ишкерлер милдеттүү түрдө колдонушууда.

ЭЭФтин иштөөсүнүн аркасында КНС боюнча түшүүлөр көбөйүп, система бизнести көмүскөдөн чыгаруунун натыйжалуу куралы болуп калды.

Пикир

Оставить комментарий