• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түрк кеңеши менен ИКУнун Башкы катчылары Жапаровду жана кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 20.07.21. /Кабар/. Түрк кеңешинин Башкы катчысы Багдат Амреев жана Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) Башкы катчысы Юсеф Бен Ахмед Аль-Усеймин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Багдат Амреевдин куттуктоосу: “Алла Таалага болгон урматыбызды билдирген бул майрам, дүйнөнүн төрт тарабындагы мусулмандардын жана анын ичинде түркий элдердин ортосундагы тилектештикти, биримдикти жана бир туугандык сезимдерди күчөтүп, Түрк жана Ислам дүйнөсүнө бакыт жана тынчтык алып келсин, элдерибиздин ынтымагына салым кошсун деп Алла тааладан суранам.

Учурдан пайдаланып, Сиздин Түрк дүйнөсүнө, Түрк Кеңешине көрсөтүп жаткан колдооңуз үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Бул майрам ар дайым эл-жерибизге, кыргыз бир туугандарыбызга жакшылыктарды ыроолосун, ар дайым асманыбыз ачык болуп, жергебизде тынчтык жана бакубаттуулук өкүм сүрсүн”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ал эми Юсеф Бен Ахмет Аль-Усейминдин куттуктоо сөзүндө мындай деп айтылат: "Биз Аллах Тааладан Кыргыз Республикасынын тынымсыз өнүгүшү жана гүлдөп өсүшү, ошондой эле жалпы мусулман жамаатынын тынчтыгы, коопсуздугу жана өнүгүүсү үчүн дуба кылабыз ", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Алла Таалага болгон урматыбызды билдирген бул майрам, дүйнөнүн төрт тарабындагы мусулмандардын жана анын ичинде түркий элдердин ортосундагы тилектештикти, биримдикти жана бир туугандык сезимдерди күчөтүп, Түрк жана Ислам дүйнөсүнө бакыт жана тынчтык алып келсин, элдерибиздин ынтымагына салым кошсун деп Алла тааладан суранам.

Учурдан пайдаланып, Сиздин Түрк дүйнөсүнө, Түрк Кеңешине көрсөтүп жаткан колдооңуз үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Бул майрам ар дайым эл-жерибизге, кыргыз бир туугандарыбызга жакшылыктарды ыроолосун, ар дайым асманыбыз ачык болуп, жергебизде тынчтык жана бакубаттуулук өкүм сүрсүн”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий