• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нуран Ниязалиев Борбордук Азия мамлекеттеринин элчилери менен брифинг өткөрдү

Саясат 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 2-ноябрында КР тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Борбордук Азия мамлекеттеринин элчилери менен брифинг өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Р.Жошыбаев, Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Ш.Мередов, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси X.Мирзахидов жана Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Н.Ализода катышты.

Жолугушууда министрдин биринчи орун басары дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларына 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте өтө турган Европа Биримдиги – Борбордук Азия Биринчи экономикалык форумуна даярдыктын жүрүшү, ошондой эле анын алкагында уюштурулган иш-чаралар тууралуу кыскача маалымат берди.

Жолугушуунун катышуучулары бир добуштан алдыда боло турган форум эки региондун – Европа менен Борбордук Азиянын – ортосундагы кызматташтыктын бардык багыттары боюнча пикир алмашуу үчүн олуттуу аянтча болуп, Борбордук Азия мамлекеттери менен Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот деген пикирде болушту.

Пикир

Оставить комментарий