• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМ башчысынын орун басары Израилдин элчисинен ишеним грамоталардын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 12-февралда КР Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Израилдин КРдагы элчиси Лиат Вексельмандан ишеним грамоталардын көчүрмөсүн кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтен кабарлашкандай, жолугуушу учурунда тараптар кыргыз-израиль кызматташтыгы жана соода-сатык, инвестиция, медицина, туризм жана билим берүү тармагындагы өз ара иштешүү тууралуу көйгөйлүү маселелерди талкуулашты.

Абдрахманов элчи Л.Вексельманды Кыргыз Республикасындагы жаңы дипломатиялык миссиясы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. Элчи өз кезегинде жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдирип, эки тараптуу мамилелерди жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн болгон күчүн жумшаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий