• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркия кыргызстандыктар үчүн эмгек визанын баасын $283дан – $30 чейин төмөндөттү

Коом 0

Бишкек. 30.05.19 /Кабар/. Кыргызстан менен Түркия эки өлкөнүн жарандары үчүн эмгек визасын берүү жараянын жеңилдетип, баасын төмөндөтүү тууралуу келишимге жетишишкен. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Түркия кыргыз жарандары үчүн эмгек визанын баасын 283 доллардан 30 долларга чейин төмөндөтөт.

Ал эми Кыргызстан Түркиянын жарандары үчүн эмгек визанын баасын 280 доллардан 30 долларга чейин төмөндөтөт.

Келишим 2019-жылдын 15-майынан тарта күчүнө кирген.

Келишимдин негизги максаты – Түркиянын аймагында барып иштөөгө жакшы шарттарды түзүү.

Эске салсак, азыркы учурда 710 миңге жакын кыргыз жараны чет өлкөгө жумуш издеп кеткен. Алардын 30 миңге жакыны Түркиянын аймагында эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий