• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркияда бекер дарыланчу бейтаптардын квотасы 150гө көбөйдү

Ден соолук 0

Бишкек, 07.12.18 /Кабар/. Түркия бекер дарыланчу кыргызстандык бейтаптардын квотасын 150гө көбөйттү. Бул тууралуу Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Түркия парламентинин төрагасы Бинали Йылдырым билдирди.

Йылдырым Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы ар тараптуу кызматташтык ырааттуу улантылып жатканын билдирип, Кыргызстан Түркиянын Борбор Азиядагы негизги саясий-экономикалык өнөктөшү экенин белгиледи. Ага ылайык кызматташтыкты арттырууга багытталган бардык маселелерди кеңири талкуулап, баарын колдоого даярбыз деди.

Саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматташтыкты арттыруу маселесине да токтолуп, кыргыз жарандары үчүн Түркиянын дарылоочу мекемелеринде акысыз медициналык тейлөөдөн өтүү үчүн бөлүнгөн 100 квота кошумча дагы 50гө көбөйтүлгөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, 2014-жылы эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, мамлекеттик квота менен жылына 100 кыргызстандык бейтап Түркияга барып акысыз дарыланып келет. Элүү бейтапты Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги, калган элүү бейтапты Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги тандап жиберет.

Пикир

Оставить комментарий