• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркияда жашаган кыргыз жарандарынын укуктук статусу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 21-сентябрында Кыргызстандын Түркиядагы жлчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Кассациялык сотунун башкы прокурору Бекир Шахин менен жолугушту. Бул тууралуу Түркиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар Түркиянын бардык облустарында жашаган кыргыз жарандарынын укуктук статусун талкуулашты. Ошондой эле алар эки тараптуу негизде Түрк кеңешинин алкагында көп тараптуу форматта да эки өлкөнүн Башкы прокуратураларынын бул багытта мындан ары жемиштүү кызматташуусуна ишенимин билдиришти.

Элчи Өмүралиев менен башкы прокурор Шахин Кыргыз Республикасынын жарандары Түркияда укук бузууларды жасоодо тыгыз кызматташуу жөнүндө макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий