• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги "Кут Курулуш" базары соодагерлер үчүн ижара акыны арзандатууну чечти

Коом 0


Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Бишкектеги курулуш материалдарын саткан "Кут Курулуш" базары соодагерлер үчүн ижара акысын 20%га чейин арзандатты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине аталган базардын администратору Талант Сарбашев билдирди.

Анын маалыматына караганда, базардын жетекчилиги УКМК тарабынан көтөрүлгөн демилгени туура кабыл алып, өлкө жетекчилигин жана алар жүргүзгөн саясатты колдоого даяр экендиктерин билдиришкен. Натыйжада соодагерлердин ижара акысы төмөндөтүлдү.

Белгилей кетсек, атайын кызмат буга чейин шаар жана облустагы соода-базар комплекстеринин ээлери менен ижара акысын төмөндөтүү жана базардагы соодагерлерге тиешелүү шарттарды түзүү боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Пикир

Оставить комментарий