• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркиядагы адам өмүрүн алган сел. Президент Жапаров Эрдоганга көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоганга Түркиянын бир нече провинциясында жүргөн селден улам каза болгондорго байланыштуу Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз эли кырсыктын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшөт. Табигый кырсыктан жабыркагандардын баарынын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайт.

Жараткандан боордош Түркиянын учурдагы оор абалдан тезирээк чыгуусун тилейм», — деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Белгилей кетсек, нөшөрлөп жааган жаандан улам Түркиянын Карадеңиз аймагында сел жүргөн. Табигый кырсыктан 17 киши курман болуп, кеминде 50гө жакын киши оор абалда ооруканада экендигин Түркиянын жергиликтүү ЖМКлары жазып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий