• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында "Эмгек өспүрүм" аталышындагы иш-чара өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында "Эмгек өспүрүм" аталышындагы иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддин максаты коомдук жайларда, соода-сатык дүкөндөрдө, унаа жуучу жайларда жана оор жумуш менен алектенген жайларда жайкы эс алуу учурунда өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулуктун жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу.

"Иш-чаранын жүрүшүндө ушул убакытка чейин жалпы 10 өспүрүм аныкталып, анын ичинен лөлү тектүүлөр шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратып, тилемчилик кылып жүргөндөр да аныкталды. Аныкталган өспүрүмдөрдүн ата-энеси чакыртылып, алар менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү адистерге сунуштар жиберилмекчи", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий