• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркмөнстан менен Өзбекстан чек араны демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.05.19. /Кабар/. Түркмөнстан менен Өзбекстандын өкмөт мүчөлөрү кайрадан өлкөлөр ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулашты.

Эки өлкөнүн чек араларды тактоо боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын кезектеги жолугушуусу 29-апрелден 5-майга чейин Өзбекстандын Ургенч шаарында өттү.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, жолугушуунун алкагында тараптар буга чейин чек арада аткарылган топографиялык жана геодезикалык иштердин жыйынтыктары менен таанышып, айрым тилкелер боюнча демаркациялык чийиндин долбоорун даярдашты.

Коңшулар ортодогу чек араны тактоо иштерин 2017-жылы мартта жандантып, андан бери эки өлкөнүн өкүлдөрү бир нече жолу жолугушууларды өткөрүшкөн.

Түркмөн-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1621 чакырымды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий