• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркмөнстанда социалдык баракчаларга тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19-июль /Кабар/. Июль айынын башынан бери Түркмөнстанда “Одноклассники”социалдык түйүнүндөгү видео файлдар ачылбай жатканын «Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары » басылмасы жазып чыкты.

Буга чейин секундасына 256 кб ылдамдыгындагы интернеттин колдонуучулары видео көрүүдө кыйынчылыкка туш болушкан эмес.

Түркмөнстандагы “Азаттыктын” редакциясы аталган маалыматты тастыкташты. Алардын билдиришинче, учурда мамлекеттин ичинде социалдык түйндөрдөгү мультимедиалык файлдарды көрүү мүмкүн эмес.

Аталган маселенин себеби, “Түркмөнтелеком” мамлекеттик компаниясы провайдерлер үчүн интернеттин ылдамдыгын азайтып, чектөө киргизип койгон.

Бирок журналисттерге байланыш министрлигинен эч кандай комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Ошол эле учурда “Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары” басылмасынын кызматкерлерине аталган министрликтен телефон аркылуу “Ооба ачылбайт, себеби силер туура эмес сайттарга кирип жатасыңар”,- деп жооп беришкен.

Түркмөнстанда көз карандысыз мекемелердин сайттарына жана белгилүү социалдык түйүндөргө кирүү мүмкүн эмес. Анткен менен расмий бийлик республикада сайттарга тыюу салуу болбогонун билдирип келет.

Пикир

Оставить комментарий