• 88.68
  • 95
  • 0.95

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Масимов кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.01.22. /Кабар/. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) мурдагы төрагасы Карим Масимов мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бул иш боюнча сотко чейинки тергөө иштери 6-январда башталган.

«Ошол эле күнү бул кылмышка шектелип, УККнын мурдагы төрагасы К.К.Масимов жана башка адамдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», - деп айтылат УККнын билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Массалык нааразылык акцияларынан улам Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койгон. Ошондой эле Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келген.

Пикир

Оставить комментарий