• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан менен Казакстан ортосунда поезддер азырынча жүрбөй калды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Нукус-Бейнеу жана Ташкент-Алматы эл аралык жүргүнчү поезддеринин каттамдары кийинкиге жылдырылды.

“Өзбектемиржолжолоочу” акционердик коомунун маалыматына караганда, каттамдардын кечеңдешине Казакстандын “карантиндик чектөөлөрдү” киргизгени себеп болду.

Буга чейин Өзбек темир жолдору Казакстан темир жолдору менен бирге эки өлкө ортосундагы поезд каттамдарын 1-апрелден тартып жандандырууга макулдашканы кабарланган.

Өзбекстан менен Казакстан ортосунда жүргүнчү поезд каттамдары качан калыбына келери белгисиз.

“Өзбектемиржолжолоочу” ишканасы бул багыттар боюнча билет сатып алган жүргүнчүлөрдүн акчасы кайра кайтарылып берилерин же кийинки мөөнөткө жылдыраларын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий