• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Доскул Бекмурзаев: Кыргызстандын энергетиктери жылытуу мезгилин ийгиликтүү аяктоодо

Коом 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Энергетика министри Доскул Бекмурзаев жылытуу мезгилиндеги ийгиликтүү иштердин жыйынтыгын чыгарды.

Анын айтымында, айрым саясатчылар менен эксперттердин энергетикалык коллапс жөнүндөгү жана кезектеген өчүрүүлөр тууралуу күмөн санаган пикирлерине карабай кыш мезгилинен ийгиликтүү өттүк.

“Мунун баары энергетиктердин эмгегине жараша болду. Белгилей кете турган болсом, жылытуу мезгилинен биз Токтогул ГЭСиндеги алмаштырылышы керек болгон бир агрегатсыз эле чыгып кеттик. Суунун курулай агып кетүү коркунучу бар болчу. Бирок, биз ага жол берген жокпуз. Ошондой эле биз тарифтик саясатка байланышкан өлкө башчысынын бардык талаптарын орундаттык. Калктын социалдык жактан аярлуу катмарына тарифтерди 50 тыйынга чейин түшүрүп, тоолуу аймактардагылардан 700 кВт саатка чейин колдонуу деген чектөөнү алып салдык”, - деди министр.

Ал белгилегендей, аягына чыгарына аз калган масштабдуу реформалар ишке ашырылып жатат.

“Кыргызстанда эки ири энергетикалык ишкана болот. Биринчисинде электр энергиясын өндүрүү менен алектенген бардык ГЭСтер жана мекемелер болуп, ал эми экинчиси аны калкка өткөрүп берүү менен алектенет”, - деди ал.

Мындан тышкары, энергетика тармагынын 136 миллиард сомдон ашуун карызы Каржы министрлигине өткөрүп берилет.

“Бул жылы биз карыздардан кутулуп, масштабдуу иштер менен алек болобуз. Жайында «Камбар-Ата - 1» ГЭСинин курулушун баштайбыз. Башталышына биздин 20 млн сомубуз бар. Бул долбоорго катышууну каалагандар бизге кошулса болот. Сиздер менен иштешүүгө биз ар дайым даярбыз”, - деген министр.

Пикир

Оставить комментарий