• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда COVID-19 илдетин жуктургандардын саны 4,5 миңден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 4 миң 547 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 99 учур катталган. Ал эми 122 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго жөнөтүлгөн. Бир бейтап каза болду.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда карантин 15-июнга чейин узартылган. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

8-июндан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен шаардык жана шаар четиндеги маршруттардагы коомдук транспорт иштей баштады, метродон тышкары. Ошондой эле 8-июндан тарта диний мекемелер өз ишин жандантты.

Учурда өлкөдө 4 миң 547 адам илдет жуктурса, анын 3 миң 459 айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 18 бейтап каза болду. 1070 бейтап ооруканаларда дарыланууда, алардын 8инин абалы оор болсо, бирөө өтө оор абалда.

Пикир

Оставить комментарий