• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Ош шаарында милициянын кайгуул кызматы түзүлөт − Сатыбалдиев

Коом 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Ош шаарында милициянын кайгуул кызматы түзүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Жол кыймылынын коопсузугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

“Ал пилоттук долбоордун алкагында түзүлүп жаткан кызматка 219 штаттык орун каралган. Ал орундарга ачык сынак жарыяланган. Сынакка катышууну каалаган жарандар Ош шаарынын жол кыймылынын коопсузугун камсыздоо бөлүмүнө жана Бишкек шаарындагы башкы башкармалыкка арыздары менен кайрылса болот”, - деди ал.

Ал кайгуул милициясы боюнча долбоор алгач Бишкекте сыналып баштаганын айтып өттү.

“Жаңы кызмат башкармалыгы түзүлүп, ал кызмат тиешелүү багытта иш алып барууда. Ал Бишкек шаарынын аймагында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытындагы иш”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий