• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы: Троллейбус айдоочусу болууну каалагандар бекер окутулат

Коом 0

Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. Бишкек троллейбус башкармалыгы "Т" категориясы бар айдоочуларды өз жамаатына ишке чакырат.

Ал эми жаңыдан троллейбус айдоочусу болууну каалагандар №20 кесиптик лицейде акысыз курстан өтө алат. Окуу мөөнөтү 6 айды түзөт.

Мэриядан белгилешкендей, курсту аяктагандан кийин расмий ишке орноштурууга жана татыктуу эмгек акыга кепилдик берилет. Муктаж болгондор үчүн окуу жайда акысыз жатакана берилет.

№20 кесиптик лицей Бишкек шаары, Купянский көчөсү, 30 А дарегинде жайгашкан. Байланыш телефондору: 0550 220 173.

Пикир

Оставить комментарий