• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда касса, акча алмаштыруу жана эл аралык акча которуу жайлары ишин токтотту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/.Өзбекстанда 30-марттан тарта банк имараттарынын чегинен тышкары жайгашкан кассалар, акча алмаштыруу жана эл аралык акча которуу жайлары убактылуу ишин токтотту. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук банкы кабарлайт.

Мындай иш-чара коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу жана калктын коопсуздугун жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.

Чектөөлөр бажылык көзөмөл аймагында жайгашкан банктык инфраструктуралга, ошондой эле пенсия жана жөлөк пулдарды бөлүштүрүүчү мобилдик кассаларга тийиштүү эмес.

Карантин убагында калкка жана чарбалык субьекттерге накаталай төлөмдөрдү чектеп, банктардын аралыктан иштеген кызматтарынан пайдалануу сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий