• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы менен Түркиядагы элчи Өмүралиев жолукту

Коом 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-мартында Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы катчысы Дюсен Касеинов менен КРнын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жолукту. Бул тууралуу Түркиядагы элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Касеинов элчи Өмүралиевди Нооруз майрамы менен куттуктаган.

"Башкы катчы элчиликке болгон зыяратынын жүрүшүндө Кубанычбек Өмүралиевге молчулуктун жана гүлдөп-өнүгүүнүн символу болгон жана жалпы түрк элдеринин маданиятын чагылдырган, ошондой эле буудайдын өнүп чыккан данектерин камтыган “Невруз Тепси” (Нооруз майрамына карата сый тамактар салынган табак) аттуу майрамдык белегин тапшырды. Ошондой эле Нооруз түрк дүйнөсүнүн жалгыз биргелешкен майрамы экендигин белгиледи", - деп кошумчалашты элчиликтин басма сөз кызматынан.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө Башкы катчы Д. Касеинов уюмдун учурдагы иши жөнүндө, ошондой эле 2021-жылга пландаштырылган Кыргыз Республикасы менен биргелешкен долбоорлор жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде элчи Өмүралиев ТҮРКСОЙдун Башчысын куттуктап, Нооруз биздин элдердин байыркы жана ыйык майрамдарынын бири экендигин белгиледи.

Ошол эле учурда, пландаштырылган биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырыла тургандыгына үмүтүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий