• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Т.Исакунова Жайыл районундагы аялдардын психоневрологиялык ооруканасына барып кайтты

Коом 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова жана ведомствонун борбордук аппаратынын кызматкерлери КР ЭСӨМге караштуу Жайыл райондук аялдардын психоневрологиялык социалдык стационар мекемесине барып кайтышты.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, ооруканада учурда 247 бейтап болсо, анын ичинде 74нүн психикалык саламаттыгы оор болуп эсептелет.

“ССМ директору мекеменин көзөмөлүндөгүлөрдүн жашоо шарттары менен тааныштырып, учурдагы көйгөйлөр менен бөлүшүп, мындай мекемеде иштөөнү каалаган медициналык кызматкерлердин, анын ичинде психотерапевттердин аз экендигине нааразы болду.

Министр ар бир бөлмөгө кирип, бөлмөнүн, ашкананын, чарба имараттарынын санитардык-гигиеналык абалын жеке өзү текшерип, мында жашаган аялдардан жашоосу жана аларды тейлөө шарттары тууралуу сурады”, - деп билдирет басма сөз кызматы.

Жайыл районуна жумушчу сапарынын жыйынтыгында министр министрликтин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүктөрүнүн өз ара аракеттешүү көйгөйү бар экендигин белгилеп, кызматкерлерди тыгыз кызматташууга, министрликке тиешелүү тигил же бул маселелер боюнча мүмкүнчүлүккө жараша көмөктөшүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий