• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас облусунда күндүзгү стационарларда 27 миңден ашык адам дарыланууда - Мураталиев

Аймак 0

Бишкек, 27.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Талас облусунда күндүзгү стационарларда 27 миң 616 адам дарыланууда. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, күндүзгү стационарлардан 1 миң 687 адам айыгып, чыгарылган.

“Тилекке каршы, 5 адам коронавирустан, 51 жаран пневмониядан кайтыш болду. Учурда үймө-үй кыдыруу иштери жүрүүдө. Абалдарына жараша жарандарды күндүзгү стационарларга алып келип жатып, алардын саны 27 миң 616 адамды түздү. Облуста 9 рентген аппараты иштеп жатат”, - дейт ал.

Мураталиев маалымдагандай, Таласта коронавирусту 137 адам жуктурган. Алардын 130у айыгып, ооруканадан чыгарылган.

“Облуста 251 дарыгер иштеп жатат. Дагы 107 дарыгер жетишсиз болууда”, - деди облус жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий