• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта атайын рейддин жүрүшүндө 29 ок атуучу курал, 15 даана ок алынды

Аймак 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Талас облусунун аймагында "Арсенал" аталышындагы рейддик иш-чаранын жүрүшүндө 22 ок атуучу курал жана 15 даана ок алынды. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 14-16-сентябрь аралыгында Талас облусунун аймагында облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен эл арасында мыйзамсыз сакталып жүргөн жана 2010-жылы апрель окуясынан улам жоголгон жана уурдалган ок атуучу куралдарды кайтаруу максатында, ошондой эле жарандардын колдорунда мыйзамсыз сакталып жүргөн сайсыз жана сайлуу мергенчилик ок атуучу куралдарын өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча атайын рейддик иш-чара болуп өттү.

Рейддин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада милицияга 20 даана сайсыз, 2 даана сайлуу ок атуучу куралдар өз ыктыяры менен тапшырылды. Мындан тышкары, мыйзамсыз сактоодон 15 даана 5,45 калибрдеги ок-дарылар алынды.

Мындан тышкары, облус аймагында жалпысынан 680 мерген сүйүүчүлөр текшерилип, аларга карата ок атуучу куралдарды сактоо эрежелерин бузгандыгы үчүн жалпы 24 административдик протоколдор түзүлүп, 7 даана ок атуучу куралдары алынды. Ошондой эле 680 ок атуучу куралдардын ээлерине куралдарды туура колдонуу, сактоо жана коопсуздук эрежелери боюнча ар бирине милдеттемелер тапшырылды.

"Бүгүнкү күндө жарандар тарабынан өз ыктыяры менен тапшырылган ок атуучу куралдар боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, тергөөнүн аякташында аталган ок атуучу куралдар КРнын Министрлер кабинетинин 2020-жылы чыккан №50 токтомунун негизинде мыйзамдаштырылып берилет", - деп айтылат маалыматта.

Талас ОИИБи милиция тарабынан ушул багытта профилактикалык иш-чаралар улантылат жана өз ыктыяры менен тапшырган жарандарга жеңилдиктер болоорун жарандарга эскертет. Жарандар табылып алынган же аныкталган ок атуучу куралдар боюнча аймактык милицияга кайрылышы керек.

Пикир

Оставить комментарий