• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта документи жок 3,2 тонна күйүүчү май кармалды

Коом 0

Бишкек, 30.10.19. /Кабар/. Талас облусунунда документи жок ташылып келген 3,2 тонна күйүүчү май кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан (Каржы полициясы) билдиришти.

Каржы полициясынан билдиришкендей, 28-октябрь күнү "Киров" суу сактагычына жакын жерде "Мерседес-Бенц" унаасы токтотулган. Ал текшерүүгө алынып, унаада күйүүчү май (АИ92 бензини) толтурулган идиштер табылган. Ал идиштерди жалпы 3,2 тонна бензин болуп, күйүүчү майдын тийиштүү документтери болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий