• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Февраль айында Кыргызстанда катуу суук күтүлөбү? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек. 22.01.19 /Кабар/. Февраль айында Кыргызстанда катуу суук күтүлбөйт. Аба-ырайынын орточо температурасы норманын тегерегинде болот.

Жаан-чачын жылдагы норманын тегерегинде болот, ал эми айрым райондордо нормадан төмөн болот.

Февралдын биринчи бөлүгүндө аба-ырайы туруксуз болот. Экинчи жарымы жаан-чачынга мол болгону менен, катуу суук күтүлбөйт.

Суук күндөрү абанын температурасы -10 градусту түзөт.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп -1…-3° суук, Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо -4…-7° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан -10…-15° суукка чейин, күндүз -1…-6° сууктан 3…8° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Ай ичинде, кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -17…-22°, күндүз -5…-10° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 29-35 мм, тоо этектериндеги райондордо 18-29 мм).

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп -2…-4° суукту түзөт.Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10° сууктан -11…-16° суукка чейин, күндүз 0…-5° сууктан 4…9° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Ай ичинде, кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -17…-22°, күндүз -5…-10° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (21-23 мм).

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 0…-2° суук, тоо этектериндеги райондордо -1…-3° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° сууктан -7…-12º суукка чейин, күндүз 0…-5° сууктан 5…10° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -2…-7° сууктан -10…-15º суукка чейин, күндүз 0…-5° сууктан 3…8° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (17-55 мм, тоо этектериндеги райондордо 37-93 мм).

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп -1…-3° суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -4…-6° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 0…5° жылуулук тегерегинде, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз 2…7° жылуулук тегерегинде болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (2-12 мм, чыгышында 18-21 мм).

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп -10…-12º суук, Кочкор районунда -5…-7° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -8…-13° сууктан -15…-20° суукка чейин, Ат-Башы районунда -20…-25° суук, күндүз -4…-9° сууктан -10…-15° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (11-14 мм).

Пикир

Оставить комментарий