• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта көзөмөл катуу жүргүзүлгөндүктөн коронавирус катталган жок — Саламаттык сактоо министрилиги

COVID - 19 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Талас облусунда көзөмөл катуу тартипте жүргүзүлгөндүктөн коронавирус катталган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Талас облусунда бүгүнкү күндө абал туруктуу.

"Облуска чет элден келген жарандар менен байланышта болгон учурлар катталган. Бирок көп учурда байланышта болгон жана анализдеринде илдет бар экендигин көрсөткөн учурлар Бишкекте болуп калды. Убагында ооруну жугузуп алгандар табылып, Бишкекте кармап калдык десек болот. Экинчиден Таласта көзөмөл катуу жүргүзүлдү. Облустук штаб да ишин так аткарды", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 28-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 708ге жетти. Алардын ичинен 185и медицина кызматкери. Илдеттен 416 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий