• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таласта прокуратура кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн окуу курсу өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Талас облустук прокуратура органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн онлайн форматта окуу курсу өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Прокурордун ишинин өзгөчөлүгү, анын аткарган милдеттеринин кеңдиги жана социалдык мааниси, иш-билгиликтин өзгөчөлүгү, ишмердүүлүктүн ар түрдүүлүгү прокуратура органдарынын кызматкерине жогорку талаптарды коёт.

Прокуратура кызматкерлеринин кесиптик даярдыгынын тийиштүү деңгээлин камсыз кылуу максатында, прокуратура органдарында алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуу тутумунун үзгүлтүксүз иштөөсү КР президентинин «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» 2021-жылдын 29-январы ПЖ №2 жарлыгынын практикалык жүзөгө ашыруу иш-аракеттеринин бири болуп саналат.

Ушуга байланыштуу 2021-жылдын 8-9-июнунда Талас облусунун прокуратурасынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине жашы жете электер жана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, бюджеттик жана башка мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жаатында алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган окуу курсу уюштурулду.

Учурдагы санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен бул иш-чаралар онлайн-сабактарды өткөрүүгө ылайыкталган платформаларды колдонуу менен аралыктык окутуу форматында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий