• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусуна мамлекеттик нотариустардын кошумча штаттык саны берилди

Коом 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Баткен облусуна мамлекеттик нотариустардын кошумча штаттык саны берилди. Бул жөнүндө 2021-жылдын 15-июнунда юстиция министри Асел Чынбаева менен министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаевдин жумушчу жолугушуусунун учурунда белгилүү болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик нотариустардын иши, Баткен облусундагы штаттык бирдиктердин жетишсиздиги, “Тилектештик автобусун” жөнөтүү аркылуу калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.

Министрликтин жетекчиси билдиргендей, мамлекеттик нотариустардын штаттык санын бөлүү боюнча маселе чечилет, акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Баткен облусу "Тилектештик автобусун" жиберүүнүн графигине киргизилет.

Бул иш-чарага юстиция министри Асел Чынбаева, Юстиция министрлигинин статс-катчысы Улугбек Календеров, КР ЮМ караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын төрагасы Иманали Кочкорбаев жана КР ЮМ караштуу Пробация департаментинин директору Алмазбек Зарылбек уулу катышты.

Пикир

Оставить комментарий