• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы өттү

Аймак 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-июнда улуу ойчул, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайткан күнүнө карата эскерүү иш-чаралар өтүп, куран окутулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Талас шаарынын Нуржанова аллеясында жайгашкан Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюу аземи болуп өттү. Ага министрлер кабинетинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, анын орун басарлары, Талас шаарынын мэри, уюмдардын жетекчилери катышты.

Ошондой эле Айтматовду эскерүү иш чарасы жазуучунун Кара-Буура районунун борборунда жайгашкан эстелигинин алдында дагы өттү.

Эскерте кетсек, кыргыз элинин таланттуу уулу 2008-жылдын 10-июнунда Германиянын Нюрнберг шаарында көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий