• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын бардык облустарында суу таңкыстыгы байкалууда – Алмазбек Сокеев

Коом 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык облустарында суу таңкыстыгы байкалууда. Бул тууралуу брифинг учурунда Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин директору Алмазбек Сокеев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, мындай цикл 6-7 жылда бир байкалат. Ушуга байланыштуу министрлик алдын ала даярдык көрүп, бардык суу сактагычтарга сууну толтурган.

“Абанын түнкү температурасы +20 градустан ашпай жатканына байланыштуу мөңгүлөр ээрибей, дарыяларда суунун деңгээли төмөн болууда. Акыркы 2-3 күндө гана дарыяларда суу көбөйгөнү байкалды”, - деди ал.

Сокеев Суу чарба департаментинин кызматкерлери күнү-түнү каналдарды карап, кезек уюштуруп жаткандыгын кошумчалады. “Сууну кезек менен бербесек, баарына жетпейт. Суунун башындагыларга гана жетип, аягындагы фермерлерге жетпей жатат”, - деп кошумчалады ал.

Андан тышкары, суунун тартыштыгынын дагы бир себеби Чүй облусунун аймагында акыркы мезгилде сууну көп талап кылган өсүмдүктөрдүн көбөйүшү болду.

"100 миң гектар чөп, 30 гектардан ашык кызылча жана кулпунай өстүрүлүүдө. Булар сууну абдан көп талап кылгандыктан сууну жеткирүү кыйын болуп жатат”, - дейт Сокеев.

Ал агенттик тараптан атайын штабдар түзүлүп, график менен иш жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий