• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө боюнча иш: Иштин материалдарын изилдөө аяктады

Укук тартиби 0

Бишкек. 02.06.20. /Кабар/. Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн жазык ишинин материалдарын изилдөө аяктады. Иш убактысы аяктагандыгына байланыштуу, соттук териштирүү 2020-жылдын 4-июнь күнүнө саат 10-00гө жылдырылды.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий