• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тарыхый тасмага кастинг өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 5-июнь /Кабар/. “Борбор Азия фильм” студиясы жана “Арча медиа” продюсердик борбору мюзикл жанрындагы тарыхый драмага кастинг жарыялайт. Бул тууралуу Маданият жана маалымат туризм министрлигинен маалымдашты.

Алардын маалыматы боюнча, кастингге 17 жаштан 55 жашка чейинки курактагы мырзалар жана айымдар катыша алат.

Алдын ала тандоо 1-16-июнга чейин дүйшөмбүдөн баштап жумага чейин саат 13:00дөн 16:00гө чейин болмокчу.

Дареги "Айтыш фильм" кино студиясы, Жибек Жолу көчөсү №625

Сурап билүү телефону: +996 708 520 487

Пикир

Оставить комментарий